Бишкекте ири экономикалык форум өтөт

18 августа 2022, 10:23

Министрлер rабинетинин nөрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Резиденттик кеңсесинин директору Навид Хасан Накви менен алдыдагы Бишкек экономикалык форумун талкуулады.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, форумга бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тартылат.

Тараптар ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучулар кеңешинин жана Эл аралык валюта корунун жылдык жыйынына катышуунун алкагында Акылбек Жапаровдун Вашингтонго иш сапарынын негизинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Навид Хасан Накви премьер-министрге Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбургдун иш сапары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы учурда беш жылдык мөөнөткө стратегиялык өнөктөштүктүн алкактык макулдашуусу даярдалып жатканын жана аны кыргыз тарапка 2023-жылдын биринчи кварталында сунуштоо пландалып жатканын билдирди.