Бишкекте Кыргызстан-Пакистан инвестициялык форуму өтөт

15 марта 2023, 17:19

“Шератон” мейманканасында 16-17-мартта Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик жана жеке секторлорунун 150дөн ашык өкүлдөрүн Соода жана инвестициялык форум өткөрөт. Бул тууралуу USAID билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган экспортту, сооданы жана инвестицияны көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Пакистандык делегациянын курамында 40тан ашык бизнестин өкүлдөрү бар.

Форумду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги, Пакистандын Соода министрлиги жана кыргыз өкмөтү биргелешип уюштурууда.