Бишкекте «АгроТехЭкспо — 2021» көргөзмөсү өтөт

19 октября 2021, 11:29

Бишкекте "АгроТехЭкспо — 2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жармаңкеге 200дөн ашуун алдыңкы кыргыз жана чет өлкөлүк айыл чарба техникасын жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар катышат.

Көргөзмөдө айыл чарба техникасы жана акыркы айыл чарба технологиялары, асыл тукум мал, мал жана канаттуулар, мал чарбасындагы жаңы технологиялар коюлат. 

Иш-чара 2021-жылдын 22-23-24-октябрында Бишкектин эски аянтында өтөт.