Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

25 января 2024, 16:29

Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Киев – Раззаков – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде эртең менеки саат 8ден кечки 6га чейин болот.