Бишкекте «Коопсуз шаардын» камерасы талкаланды

9 августа 2019, 13:10

 Бейшембиден жумаган караган түнү 7-Апрель менен Аалы Токомбаев көчөсүндөгү жана  Чүй/Шопоков  көчөсүндөгү видео көзөмөлгө алынган  камералар талкаланды. Бул тууралуу КР технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди. 

 Чүй/Шопоков көчөсү менен  Боконбаев/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде видео байкоого алган камералар талкаланган.

Учурда чыгашанын суммасы саналууда. Андан кийин укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. 

Камера баш аламандык уюштургандарды тартып калган. 

Ал эми«Коопсуз шаардын» системасын орноткон «Вега»  компаниясы жакын арада  камераларды орноторун кабарлашты.