Бишкекте вице-мэр алмашты

24 сентября 2021, 16:20

Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу вице-мэр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Талайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.