Бишкекте Татарстандын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өтөт

28 июля 2022, 11:47

Бишкекте 3-августта Татарстандын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Россия Федерациясынан келген катышуучулар кыргызстандык компаниялар менен кызматташууга кызыктар.

Тактап айтканда, алар Кытайдан жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды, немис унааларынын тетиктерин, текстиль буюмдарын, эконом-сегменттеги кийимдерди, медициналык жабдууларды, спорттук шаймандарды, лак-боёк буюмдарын, идиш-аяктарды жана приборлорду сатып алууну көздөшүүдө.

Мындан тышкары, электрондук аянтча – базарды биргелешип түзүү талкууланат.

Иш-чаранын катышуучуларын каттоону Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жүргүзөт.