Бишкекте электрондук билет боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

19 сентября 2019, 12:20

Жакын арада борбор калаанын тургундары троллейбус жана автобустарда электрондук төлөм карталары менен жүрүп калышат. Электрондук карталарды тестирлөө учурда № 14 жана № 8 троллейбустарда башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. 

Бул долбоорду ишке ашырган швецариялык BPC компаниясы, “жабдууларды тестирлөө 15 октябрда бүтөт”- деп билдирүүдө. 

Жеңилдетилген жана окуучулар үчүн электрондук карталар 20 – октябрда чыгат, ал эми калган жашоочулар үчүн сатуу ноябрь айында башталат.