Бишкекте кыргыз-индия бизнес жолугушуусу башталды

6 февраля 2023, 10:57

Бүгүн, 6-февралда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы ишкердик мамилелерди орнотуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кыргыз-индия B2B бизнес жолугушуусу башталды.

Иш-чара Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Индиянын бизнес делегациясынын иш сапарынын алкагында өтүп жатат жана негизги миссиясы өлкөнүн бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болгон Services Export Promotion Council компаниясы жана Инновациялар коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.

"Биз тейлөө тармагында иш алып барган компания катары кыргызстандык өнөктөштөр менен биргелешкен ишканаларды түзүүнү каалайбыз жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулат. Бул биздин биринчи өз ара аракетибиз эмес, биз буга чейин Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганбыз. Бул форум бизге жаңы жана сапаттуу байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”, - деди Services Export Promotion Counci компаниясынын жетекчиси, доктор Абхай Синха.

Ошол эле учурда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Умбриэль Темиралиев өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен тааныштырып, агенттик ишкерлердин ортосунда ортомчу болууга даяр экенине ишендирди.

"Кызматташтыктын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүү олуттуу өсүп, 100 миллион долларды түздү. Индия негизинен тоо-кен тармагына инвестиция салган. Акыркы убакта индиялык бизнес тарабынан фармацевтика жана айыл чарба тармагында кызматташууга чоң кызыгуу байкалып жатканын белгилегим келет. Кыргызстан кызматташуу үчүн ачык, өлкөдө атайын салык режими - ЭЭА иштейт, анда бажы төлөмдөрүнөн бошотуу каралган. Мындан тышкары индиялык өнөктөштөр кошуна өлкөлөргө мүмкүнчүлүк алышат. Биз Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы ар кандай кызматташтыкты колдоого даярбыз”, - деди Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси Умбриэль Темиралиев.

Ал эми Индиянын Кыргызстандагы элчиси эки өлкөнүн потенциалы жетиштүү түрдө ачыла электигин билдирди.

"Мындан улам, кызматташуунун негизги багыттары билим берүү, саламаттык сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык транспорт, маркетинг жана консалтинг, анимация жана мультимедиа сыяктуу тармактар ​​болот", - деди Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттерджи.