Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

9 декабря 2022, 12:58

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды.

Белгилей кетсек, жыйын үч жылдан бери биринчи жолу офлайн форматында өтүп жатат.

Жыйында ЕАЭБ мамлекет башчылары биримдиктин учурдагы экономикалык абалын, интеграциянын актуалдуу маселелерин колго алышат. Анда жылдын жыйынтыгы чыгарылып, биримдиктин өнүгүү келечеги талкууланат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, ошондой эле биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир топ келишимдер түзүлөт.