Кыргызстанда тиричилик абоненттерге эми кагаз квитанциялар келбей калышы мүмкүн
Кыргызстанда тиричилик абоненттерге эми кагаз квитанциялар келбей калышы мүмкүн. Улуттук электр станциялар компаниясынан билдиришкендей, айрым жаңы конуштарда пилоттук долбоор ишке кирди.
Маалыматка ылайык, ал 9 миңден ашык керектөөчүнү камтыйт. Жарандар колдонулган электр энергиясы тууралуу бардык маалыматты “Мой свет” тиркемеси аркылуу биле алат.
Энергетиктер белгилешкендей, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, кагаз квитанцияларды чыгаруу токтотулуп, акча үнөмдөлөт.