Ош базарындагы стихиялуу сооданы жоюу кайрадан күн тартибине чыкты

6 октября 2021, 10:00

Бишкек мэриясы "Ош Базары" соода оюн-зоок комплексинин ишкерлери менен бирдикте борбордун базарындагы стихиялуу соода-сатыкты жоюу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.

Жолугушууга "Ош Базары" соода оюн-зоок комплексинин аймагындагы "Беш-Сары" соода борбору, "Берекет Универсал" соода борбору, "Берекет Гранд" соода борбору, "Кыял" мамлекеттик ишканасы, Элдик чеберлер союзу жана башка шаар жана райондук кызматтар катышты.

 

Алар рынокто стихиялуу сооданы жоюу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле чектеш коомдук тротуарларды чарбакер субъекттерге берүү жана соода эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти белгилөө сунушу айтылды.