Бишкекте айдоочуларга 59 миң сом айып салынды

30 июня 2021, 15:30

Февраль айынан бери Бишкек шаарында 59 миң сомго 59 протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл башынан бери 12 жыйын өткөрүлүп, анда транспорттук компаниялардын жетекчилерине айдоочулар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлгө алуу тапшырылган.

Алар дезинфекциялоочу каражаттар менен салонду эки саат сайын нымдуу тазалап (кармагычтарды, отургуч туткаларын, панелдерди), маска режимин сактап, кичи автобустардын салонуна санитайзер коюп, жүргүнчүлөрдү өз баасында маска менен камсыздап, салонду 80% дан ашык толтурбашы керек. 

30-июнда Бишкекте COVID-19 илдетин жуктурган 1490 адам катталды.