Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөр аныкталууда

8 сентября 2023, 10:41

Бишкектин Свердлов районунда транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

"Унаа каражаттарына салык төлөөдөн качкандыгы үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынарын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.