Бишкекте COVID-19 вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү

1 июня 2021, 13:45

Бишкекте коронавирус вакцинасынын биринчи компоненти аяктады. Бул тууралуу “Акчабарга” Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинде COVID-19 вакциналарынын аймактардагы биринчи компонентинин көлөмү жөнүндө маалымат жок.

“Жакында COVID-19га каршы SinoPfarm кытай вакцинасынан 150 миң доза келет. Ошондой эле AstraZeneca вакцинасы июнь айынын аягында келиши мүмкүн”, - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы эмдөөнүн баштапкы этабы 29-мартта башталган. Биринчилерден болуп Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри жана анын орун басарлары эмдөөдөн өткөн.