Бишкекте адамдын жүзүн аныктаган видеокамералар  ишке киргизилди

31 октября 2019, 17:45

«Патрулдук милиция — мамлекет менен граждандык коомдун биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоору», — деп белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы санариптешкен командалык борборуна барган учурунда.

Бул жерде Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция кызматынын пилоттук долбоорунун бет ачары болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев маалымдагандай, борбор жарандарга ыкчам маалыматтарды берүүнү камсыз кылып, кылмыштын бетин ыкчам ачууну жогорулатат.

Бүгүнкү күндө борбордун коомдук жайларында 20 видеокамера  иштеп жатат.