Бишкекте «Коопсуз шаар-2» долбоорунун мониторинг борборунун ремонту аяктады

1 октября 2021, 11:20

Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борборунун иштеши үчүн бөлмө даярдалды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Компьютердик жабдуулар менен жабдылган платформа Кыргызстандын түндүк бөлүгүндөгү жолдордо жол эрежелерин бузууларды каттоого мүмкүндүк берет.

"Камералардагы маалыматтар реалдуу убакытта Мониторинг борборуна берилет. Операторлор жол кыймылын жана жөө жүргүнчүлөрдүн агымын, катуу ылдамдыкты, жол чыракта тыюу салынган сигналда өтүүнү, машинаны туура эмес жерге токтотууну аныкташат", - деп билдиришти министрликтен.

Экинчи "Коопсуз шаар" боюнча иштин негизги бөлүгүн ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.