Бишкекте стихиялуу 20 соода түйүнү жоюлду

29 января 2024, 12:29

Октябрь районундагы Орто-Сай базарынын аймагында рейд жүргүзүлдү. Мэриядан билдиришкендей, анын алкагында стихиялуу 20 соода түйүнү жоюлду.

Акимчиликтин кызматкерлери тарабынан Юнусалиев көчөсүндөгү жайма базардын соодагерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндөгү 20дан ашык башаламан соода түйүндөрү иретке келтирилди.

Белгиленгендей, рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турат.