«Бишкекбашкырхитектурада» кадрдык өзгөрүүлөр болду

5 января 2021, 16:00

«Бишкекбашкырхитектура» муниципалдык ишканасында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бакай Осмоев ишкананын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин Осмоев дээрлик 15 жылдан бери жеке компанияларда архитектор-дизайнер болуп иштеген. 

 

Тиешелүү буйрукка мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев кол койду.