Бишкектеги бала бакчага 131 млн сомго кошумча имарат курулат

24 марта 2023, 13:49

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш кызматтарын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Тендердин баасы 131 миллион 101 миң 492 сомду түзөт. Бул каражатка подрядчик Самойленко көчөсү 5а дарегинде жайгашкан №26 бала бакчанын аймагына кошумча имарат курууга тийиш.