Жакынкы эки жылда Бишкекте курулуш кескин көбөйүшү мүмкүн

2 марта 2023, 11:37

Россиядагы мобилизацияга байланыштуу мигранттардын чоң агымын, андан кийин курулуштун кескин көбөйүшүн күтүп жатабыз. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө, өзгөчө борбор калаада турак жайга болгон суроо-талап абдан чоң. Бир чарчы метрдин баасы 800 доллардан 1,2 миң долларга чейин өзгөрөт.

"Бүгүнкү күндө курулуп жаткан имараттардын саны боюнча биз 80-жылдардын деңгээлине жеттик. Бирок ошончолук турак-жай курулуп жаткан кезде курулуш уюмдары аны стандартка ылайык жакшы жүргүзүшү өтө маанилүү. Алардын ката кетирүүгө акысы жок", - деди Акматов.