Быйыл бюджет 1 млрд сомго толукталышы мүмкүн

1 июня 2021, 16:20

Ушул жылдын бюджетин менчиктештирүү программасын ишке ашыруунун эсебинен 1 миллиарддан ашык сомго толуктоого болот. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, быйыл бюджетке менчиктештирүүдөн 500 миллион сом түшүү каралган. Эгерде үч-төрт объектини менчиктештирүү чечими аткарылса, кошумча каражат түшөт.

Ошол эле учурда Бакиров быйыл кайсы компанияларды сатыла тургандыгын айткан жок. Ал белгилегендей, мамлекет улутташтыруу же компанияларда тышкы башкарууну киргизүү укугун өзүнө калтырат.