Бюджетке 3.6 млрд сом кайтарылды

9 декабря 2020, 09:35

Финансы министрлиги алдындагы бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2020-жылдын январь-ноябрь айларында бюджеттик насыя боюнча 3.6 млрд сомду кайтарды. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады. 

3.6 млрд сомдун ичинен башкы карыз 2.7 млрд сомду түзгөн. Өз кезегинде үстөк пайыз жана салынган айыптын көлөмү 951.2 млн сомду түздү. 

Андан сырткары, финансы министрлигинин Улуттук банк алдындагы топтолгон эсебинде 2020-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик агенттик тарабынан 415.9 млн сом кайтарылган.