Бюджет беш жылга 260 млн сом тартууну пландап жатат

14 октября 2021, 09:35

Улуттук банк 15-октябрда беш жылдык мөөнөтү бар мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт.

Анын эсебинен бюджетке купондук жылдык чени 6% менен 260 миллион сом тартуу пландалууда.

Төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 18-апрели жана 18-октябры деп көрсөтүлгөн.