Бюджетке баалуу кагаздардын эсебинен 60 млн сом тартуу пландалып жатат

13 октября 2021, 11:44

Улуттук банк 14-октябрда 12 айлык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Мамлекеттик векселдерди чыгаруу 60 миллион сомду түзөт.

Буга чейин мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион катышуучулардын санынын жетишсиздигинен улам жараксыз деп табылган.