Бюджетке мамлекеттик облигациялар аркылуу 750 млн сом тартуу пландалууда

3 ноября 2021, 17:53

5-ноябрда 7 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт, деп билдирди Улуттук банк.

Эмиссиянын пландаштырылган көлөмү 750 миллион сомду түзөт. Купондук чен - 7%, баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөө жылына эки жолу болот. 

Ушул жылдын 20-августундагы 7 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо алынган кирешелүүлүк 12,25%ды түздү.