Мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштыруунун эсебинен бюджетке 213 млн сом тартылды

7 декабря 2021, 09:05

Ушул жылдын 6-декабрында өткөрүлгөн 3 жана 20 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгында жалпы эмиссия 213 миллион 30 миң сомду түздү.

Алсак, 3 жылдык баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 35,6 миллион сом, 20 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен дагы 177,43 миллион сом түшкөн.

Эске салсак, 6-декабрдагы аукциондо Каржы министрлиги бюджетке 400 миллион сом тартууну пландаган, анын 100 миллион сому 3 жылдык облигацияларды чыгаруу, дагы 300 миллион сому 20 жылдык баалуу кагаздардын эсебинен.