Баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 31 млн сомдон ашык акча чегерилди

26 октября 2021, 10:18

Улуттук банк 25-октябрда мамлекеттик казына векселдерин кошумча жайгаштырды.

12 айлык мамлекеттик векселдерди аукционсуз жайгаштыруунун натыйжасында бюджетке 31 миллион 630 миң сом түштү.

Кошумчалай кетсек 21-октябрдагы аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык векселдердин орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 8%ды түзгөн.