Мамлекеттик лабораторияда ПЦР тесттин тарифи төмөндөтүлдү

28 июня 2021, 10:45

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин улуттук вирусологиялык лабораториясында ПЦР тесттин баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу "Акчабарга" антимонополдук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ПЦР тестирлөөнүн баасы 786 сомго чейин төмөндөтүлдү. Буга чейин тариф 1 миң 574 сом болчу. 

Мамлекеттик монополияга каршы агенттик аталган департамент жеке лабораториялардагы бааларды жөнгө салбайт деп белгиледи.