Улуттук банк Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коллекциялык монеталарды чыгарат

13 августа 2021, 11:00

Улуттук банк 2021-жылдын 16-августунан тартып Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жазылат.

Алтын монетанын номиналы 100 сомдук, сапат белгиси - Au 999 жана салмагы - 7,78 грамм, ал эми  күмүш монетанын сапат белгиси - Ag 925 жана салмагы - 28,28 грамм, оң жагында монетанын номиналында «10 сом» чагылдырылган.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.