Чүй облусунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гумжардам берилди

6 мая 2021, 13:00

Аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында маалымдалды.

Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү. Акцияны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду ишке ашырды.

Аймактык социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде жетим балдарга, жарым жетим балдарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.