Чүй облусунда чөп 56% га кымбаттады

17 июня 2021, 12:00

Чөптүн баасы Чүй облусунда 56% га жогорулады. Ошондой эле Талас облусунда 30,3% га, Баткен облусунда 22,2% га, Ысык-Көлдө - 14,3% га, Жалал-Абад облусунда - 11,1% га жана Ош облусунда - 10% га баа өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Кымбаттоонун себебин - Чүй жана Талас облустарынан Казакстанга чөп экспорттолгону менен байланыштырышты.

"Баалардын өсүшү объективдүү себептер жана коңшулаш республикалардагы муктаждык менен байланыштуу. Анткени Казакстан менен Өзбекстанда кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы байкалат", - деп айтылат билдирүүдө.