Чүй облусунда тургундар арыктан суу ичүүдө

15 июня 2023, 17:08

Чүй районунун Крупское айылында эл арыктан суу ичүүдө. Бул тууралуу депутат Карим Ханжеза Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Таза суу” долбоору боюнча таза суу системасын реконструкциялоого 6 млн. сомго жакын каражат керек экени аныкталган.

Ал маселени көзөмөлгө алуу үчүн Министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүүнү суранды.