Чүй облусундагы айдоо-сугат жерлерине газ куюучу станция курулат

21 июня 2022, 13:02

Чүй облусунун Чүй айыл аймагынан 1,8 га айдоо-сугат жери автоунаага газ толтуруучу компрессордук станцияны куруу үчүн берилет. Айыл чарба жерлерин трансформациялоо боюнча чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Аталган жер "Гранд Рилайз" ЖЧКсынын жеке менчиги экени такталган. Ишкана Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мамлекетке айыл чарба продукциясынын жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууга тийиш.

Мындан тышкары, жер максаттуу пайдаланылбаса, конфискацияланышы мүмкүн.