Сауд өнүктүрүү фонду Чүй облусуна 1.3 млн $ жаңы мектеп салып берет

13 декабря 2019, 16:45

Чүй облусундагы Озеро айылында орто мектептин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жаңы мектеп 375 орунга ылайыкталган. Долбоордун жалпы суммасы - 1.3 млн долларды түзөт жана Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт.  Курулуш иштери  2021-жылы бүткөрүлөт деп жазылат маалыматта. 

Бүгүнкү күндө окуучулар 200 орундуу эски мектепте окушат.