Чүйдө 12 миң бөтөлкөдөн ашык акцизсиз алкоголдук ичимдиктер аныкталды

16 марта 2023, 13:55

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Сокулук району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө шектүү акциздик маркалар менен жана тиешелүү документтери жок алкоголдук продукцияны ташып келе жаткан автоунаа аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан Organic маркасындагы 12 миң 156 бөтөлкө арак табылган.

Алкоголдук продукция салынган унаа пломбаланып, айып жайга киргизилди. Мыйзам бузуулар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.