2019-ж. декабрь айында бюджетниктердин эмгек акысына респ.бюджеттен 5 млрд сом каралган

13 января 2020, 15:55

2019-жылдын декабрь айында республикалык бюджеттин чыгашасы 19.2 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен  дээрлик 5 млрд сомдон ашыгы - бюджет тармагында иштегендердин эмгек акысына которулган. Бул тууралуу карды министрлиги билдирет. 

Мамлекеттик башкаруу тармагындагы грантка - 3.5 млрд сом, мамкарызга - 3.4 млрд сом каралган. 

Товар жана кызматтарды колдонууга мамлекеттик бюджеттен 1.3 млрд сом коротулган. Жөлөк пулга 851 млн сом жумшалган.