Декабрда Жол фондунун чыгашасы ноябрдагыдан 6 эсе ашты
Декабрь айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун чыгашалары 32 миллион 12,4 миң сом деңгээлинде пландаштырылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин документтеринде айтылат.
Бул сумма мекеменин ноябрь айындагы чыгашасынан 6 эсеге көп. Анда Каржы министрлигинин кассалык планы боюнча фонддун ишмердүүлүгүнө 5 млн 334 миң сом бөлүнүшү керек болчу.
Белгилеп кетсек, Транспорт министрлигине караштуу Жол фонду жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, камсыздоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо иштерин тескейт.