«Джунда» мунай иштетүүчү заводтун декабрь айындагы бюджети 1.8 млн $ түзөт

9 декабря 2019, 10:00

2019-жылдын 27-ноябрында «Джунда» мунай иштетүүчү завод ишке кирген. Декабрда заводтун бюджети 1.8 млн $ түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети билдирет. 

Мамлекеттик комитетте билдиргендей, ОсОО «ЧПК Джунда»,  2015-жылы ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү үчүн салык кызматы тарабынан,  173 млн сом жана 2016-2017-жылдары иштегендигине байланыштуу,  600 млн сом салык төлөө керектиги чечилген. 

Кайрадан жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң,  салык 32 млн сомго чейин кыскартылган.