Декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын чыгымдары 11 эсеге өстү

9 января 2023, 12:36

Өткөн 2022-жылдын декабрь айында Мамлекеттик бажы кызматына тийиштүү мекемелердин чыгымдары 204 миллион 033,7 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Бул тууралуу Каржы министрлиги жарыялаган кассалык документтерде айтылат.

Маалыматка ылайык, ноябрь айында Мамлекеттик бажы мекемелеринин чыгашалары 17 миллион 841 миң сомго пландалган. Бул декабрь айына салыштырмалуу 11,4 эсеге аз.