Декабрь айында жаратылыш газынын баасы бираз жогорулады

15 декабря 2022, 15:57

Кыргызстанда декабрь айында жаратылыш газына болгон тариф калк үчүн жогоруласа, өнөр жай ишканалары үчүн бир аз төмөндөдү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан“Акчабарга” билдиришти.

Быйыл декабрь айына карата калк үчүн 1 куб метр газдын баасы 18,27 сом, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 22,05 сомду түздү. 

Октябрь айына салыштырмалуу үй чарбалары үчүн тарифтер 0,9%га жогоруласа, өнөр жай ишканалары үчүн 0,05%га төмөндөгөн.