Бишкектеги бала бакча дээрлик 36 млн сомго оңдолот

7 июня 2022, 09:16

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы № 16 мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо-калыбына келтирүү иштерине тендер жарыялады. Тендердин суммасы 35 млн 968,5 миң сомду түзөт. Билдирүү мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Бул акчага тышкы жылуулук тармагынын түтүктөрүн жана суу түтүктөрүнүн канализациясын, ички жылытуу системасын, канализация жана суу түтүктөрүн, ички электр менен камсыздоо тутумун жана башкаларды алмаштыруу пландалууда. Мындан тышкары, бул суммага бала бакчанын аймагын жашылдандыруу жана оюн аянтчасын куруу кирет.

Конкурс чектелбеген эки пакеттик сатып алуу ыкмасы катары жарыяланган. Сатуучунун сунуштарын берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 20-июнунда.