Кыргызстанда ломбарддарга ККМ аппаратын киргизүү каралууда

7 июля 2023, 10:46

Министрлер кабинети ломбарддардын ишине контролдук-кассалык аппаратты колдонуу боюнча токтомду коомдук талкууга койду. Документ мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү талкуусунун сайтына чыкты.  

Анда күрөөканаларды электрондук форматта күрөө билетин чыгарууну милдеттендирип, күрөөканалардын ишмердүүлүгүн ККМ аркылуу жүргүзүү сунушталууда.

Электрондук билетте алынган насыянын суммасы, пайыздары, ошондой эле кайтарылган күнү менен таанышуу жана макулдашуу функциялары каралат. Белгилеп кетсек, мындай күрөө билетин эми онлайн форматта чыгарууга болот. 

Токтомду иштеп чыгуучулардын пикири боюнча, бул жаңычылдыктын бардыгы ломбарддардын ишин жакшыртууга тийиш.

 

Кабардар болуңуз! Биздин телеграм каналыбызга жазылыңыз.