«Демир Банктын» кассаларында евро түгөнүп калды

3 мая 2022, 13:54

“Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКтын бардык сактык кассаларында евро түгөнүп калды. Мындай маалыматты банктан билдиришти.

Кырдаал май майрамдарына байланыштуу түзүлүп, 10-майга чейин банктын нөөмөт кассалары гана иштеп жатат.

Ошол эле учурда окурмандар “Акчабарга” “Дордой Плаза” соода борборундагы “Демир Банктын” филиалында жалаң эскирип калган евро банкноттору бар экенин билдирди.