Жалал-Абад шаарына медициналык жабдууларды сатып алууга 17,1 млн сом жумшалат

11 апреля 2023, 10:26

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борбору медициналык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 17 миллион 100 миң сомду түзөт.

Каражаттын негизги бөлүгү лапароскопиялык жабдыктарды алууга жумшалса, калган 5 миллион 100 миңин жасалма дем алдыруучу аппарат сатып алууга сарптоо пландалууда.