Жалал-Абадда УКМК кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

12 июля 2021, 11:30

Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн 250 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, объект «өнөктөштөрдүн» колдоосу менен, биргелешкен «чоң саясаттын» негизинде курулууда. Бирок ал кайсы өнөктөштөрдүн колдоосу менен курулуш жүрүп жаткандыгын так айткан жок.

УКМКнын башчысы келечектеги батирлер чек арачылар менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлүшү керек деп кошумчалады. Ташиев дагы 10 батир Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бериле турганын айтты.