Жалал-Абадда жүк ташуучу жана мотоциклдерди чыгаруучу завод курулат

6 февраля 2024, 10:08

Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу унааларды, мотоциклдерди, насосторду жана арматураларды чыгаруучу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев кытайлык Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd жана Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd. компаниялары менен үч тараптуу меморандумга кол койду. Долбоордун суммасы 4 млн долларды түзөт.

Облус жетекчиси бул долбоордун максаты облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү экенин белгиледи.