Жалал-Абадда 6 млн сомго оорукана курулат

18 ноября 2019, 14:45

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров менен депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы жумушчу иш сапарынын алкагында Могол айыл өкмөтүнүн аймагынын Ооган-Талаа айылында курула турган ооркананын пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, коңшу айылдардын тургундары катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. 

Депутат Милан Бакиров оорукананын 1956-жылы курулган мурдагы имараты 1990-жылы жараксыз деп табылганын, ошого карабастан ал дагы 20 жыл пайдаланылганын белгиледи. «Жогорку Кеңештин депутаттарынын биргелешкен аракети менен ушул жылдын капиталдык курулуштарынын тизмесине киргизилип, имараттын нолдук циклин курууга республикалык бюджеттен 6 млн сом бөлүнгөн, азыр анын 2 млн сому өздөштүрүлдү», - деди ал.

 Жалпы сметасы 113 сомду түзгөн эки кабаттуу имаратта терапевттик жана төрөт бөлүмдөрү, медициналык тез жардам, үй-бүлө медициналык борборлору жайгаша тургандыгы маалым болду.