Ишкерлер Жалал-Абадда бир аянтчага чогулат
Жалал-Абад шаарында 6-октябрь күнү ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин көмөгү менен ишкердикти колдоо борбору уюштурган "Бизнес кербен" иш-чарасы өтөт.
Платформа Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлеринин туруктуу өнөктөштүгүн камсыз кылуу максатында өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда диалог түзүү үчүн уюштурулууда.
Кошумчалай кетсек, иш-чарага "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров катышат. Ал ишкерлерге фонддун ишмердүүлүгү, ошондой эле бизнес кепилдиктердин жардамы менен насыяны кантип алса болорун айтып берет.