Жалал-Абадда дагы төрт чет элдик валюта сатуучуга айып пул салынды

23 мая 2023, 09:40

Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан төрт жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Белгилеп кетсек, жарандардын ар бирине 17,5 миң сомдон айып пул салынды. Жалпы сумма 70 миң сомду түздү.